Кыргызстандан Россияга экспорт дээрлик эки эсе өстү — Жапаров

26.08.2022, 09:04 Акчабар
Кыргызстандан Россияга экспорт дээрлик эки эсе өстү — Жапаров

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү жыл башынан бери дээрлик 40%га өсүп, 1 миллиард 426,5 миллион долларды түзсө, Кыргыз Республикасынан экспорт дээрлик эки эсеге өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан жыйынынын алкагындагы жолугушууда билдирди.

Акылбек Жапаров баса белгилегендей, биздин өлкөлөр ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуудагы бардык чектөөлөрдүн, анын ичинде аба, автомобиль жана темир жол транспортунун алынып салынышы жайкы сезондо россиялык туристтердин олуттуу агымына салым кошкон.

“Биринчи жолу Россиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна (Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропорту) жумасына 14 түз каттам аткарылууда. Бир тууган эл эс алуу үчүн биздин республиканы тандап алганы бизди абдан кубандырат. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында тогуз билим берүү мекемесин куруу боюнча келишимдерди ишке ашыра баштаганына кубанычтамын”, - деди ал.

Ал ошондой эле Россия Федерациясында иштеп жаткан мекендештердин укуктук статусу жөнүндө маселени көтөрдү.

Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин өз кезегинде учурдагы бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

“2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташтыктын жаңы программасына кол коюуну тездетүү зарыл, ал кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө, соода жүгүртүүнү, өз ара инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет”, - деди ал. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тэги: Акылбек Жапаров Михаил Мишустин экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу