Быйыл сүт азыктарынын экспорту импорттон үч эсеге ашты

19.11.2021, 16:02 Акчабар
Быйыл сүт азыктарынын экспорту импорттон үч эсеге ашты

Быйылкы жылдын 10 айында Кыргызстанга 10 миң 828,3 тонна сүт азыктары импорттолсо, 31 миң 926,3 тонна экспорттолгон. Ошентип, сүт азыктарынын экспорту импорттон үч эсеге ашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, январь айынан октябрга чейин 132 миң 214 тонна кайра иштетилген сүт азыктары өндүрүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3100 тоннага же 21%га көп.

"Өлкө калкынын 2021-жылга карата сүт жана сүт азыктарына болгон муктаждыгы 889 миң 300 тоннаны түзөт. Ал эми 2021-жылдын 10 айында сүт жана сүт азыктарын өндүрүү 1 миллион 709 миң 900 тоннаны түздү. Алсак, сүт жана сүт азыктары менен камсыздоо 192,27% түздү”, - деп билдирди Айыл чарба министрлиги.

Тэги: молочная продукция импорт экспорт Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу