Элчи Абдылдаев Германиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

17.09.2020, 09:50 Акчабар
Элчи Абдылдаев Германиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Бүгүн Берлин шаарында «Бельвю» резиденциясында Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземден кийин болгон маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге президент Сооронбай Жээнбековдун атынан салам айтып, Кыргызстанга германдык тараптын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, анын ичинде, COVID-19-га каршы күрөшүүдө, ошондой эле азыркы социалдык-экономикалык абал жана 2020-жылдын 4-октябрында боло турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымдады.

Германиянын президенти жана элчи кыргыз-герман кызматтыштыгын ар кандай тармактарда өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелер бекем фунтаментке ээ болуп, жигердүү өнүгүп жаткандыгы канааттануу менен белгиленди, ал эми  президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга 2019-жылдын апрель айында болгон расмий сапары ага кошумча дем болгондугу айтылды.

Тараптар Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбор Азия» жаңы демилгесинин алкагында натыйжалуу жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Иш-чаранын соңунда Германиянын президентинин «Бельвю» резиденциясында салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук туусу көтөрүлдү.

Тэги: Берлин шаары Бельвю элчи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу