Элчи Жусупов Вена Экономикалык форумунун башкы катчысы менен жолукту

10.03.2020, 12:00 Акчабар
Элчи Жусупов Вена Экономикалык форумунун башкы катчысы менен жолукту

Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Вена Экономикалык форумунун башкы катчысы Елена Кирчева менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 2020-жылдын 6-мартында өттү. Анын жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигине кирген өлкөлөрдүн жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы инвестициалык мамиленин келечектүү планы, перспективалары талкууланды.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргызстанда боло турган 1-Экономикалык ЕБ-БА форумуна Вена Экономикалык форумунун башкы катчысы Елена Кирчеванын катышуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Маалымат үчүн: Вена Экономикалык форумунун негизги максаты (ВЭФ) – регионалдык экономикалык кызматташтыкка жардам көрсөтүү болуп эсептелет. ВЭФ 2004-жылы Чыгыш Европа өлкөлөрү үчүн Давосс форумунун өлчөмүндө (форматында) түзүлгөн. Азыркы учурда Форумга Вена Экономикалык форумунун мүчө-өлкөлөрү болгон - Албания, Босния жана Герцеговиния, Болгария, Хорватия, Косово, Түндүк Македония, Молдова, Черногория, Австрия, Румыния, Словения, Түркия жана Украина өлкөлөрүнүн ишкерлери активдүү катышууда.

Тэги: Элчи Жусупов Вена Экономикалык форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу