«Элдик көзөмөлдүн» башчысы 200 миң сом пара менен кармалды

06.10.2022, 10:30 Акчабар
«Элдик көзөмөлдүн» башчысы 200 миң сом пара менен кармалды

"Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран ушул жылдын 3-октябрында пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында колго түшкөн.

“Такталгандай, кармалган жаран кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3 миң 600 доллар талап кылган. Эгер макул болбосо А.О. бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялоосу менен коркуткан”, - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда А.О. президенттин администрациясындагы байланыштары аркылуу анын кадыр-баркына шек келтирүүчү негиздер боюнча судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга мүмкүнчүлүгү бар экенин жүйөө келтирген.

Кармалган А.О., алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, К.Т.А. аттуу жарандын кызыкчылыгына иш алып барып, жасалма ойдон чыгарылган арыз алган.

Белгилеп кетсек, А.О. жана К.Т.А. буга чейин "зордуктоо" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.

Тэги: коррупция кылмыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу