Электр энергияга карызы бар 7 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт

08.09.2020, 10:20 Акчабар
Электр энергияга карызы бар 7 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт

«Түндүкэлектр» ААК ишканасы эртең, 9-сентябрда карызы бар 7 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Түндүкэлектр» ишканасы ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. «Түндүкэлектр» ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «Кыргызстан Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр, төлөм тууралуу билдирме «Түндүкэлектрдин» маалымат базасына дароо кели түшөт.

«Ал эми «Акылдуу» эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу «Түндүкэлектр» ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Түндүкэлектр Ишкана абонент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу