"Электр станциялары" компаниясы көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайтына жарыяланган.
Тендердин жалпы баасы 2 млрд 992 млн 500 миң сомду түзөт.
Техникалык тапшырмага ылайык, 950 миң тонна көмүр сатып алуу пландалган.
Кошумчалай кетсек көмүр "Б" кыргыз маркасы аркылуу сатып алынат.