Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна бир айдын ичинде дагы 124 компания кошулуп, азыркы учурда алардын саны 627ни түздү.Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
[news 21208]
«Компаниялар пилоттук долбоорго активдүү катышып, «Электрондук эсеп-фактура»маалыматтык системасын өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын жана эскертүүлөрүн берип жатышат», — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, салык кызматкерлери жана памнаиялардын өкүлдөрү ар жумалык негизде «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасын тестирлөөдөн өткөрүп турушат. IT-адистер сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен ар бир жолугушууга электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык система иштелип чыгат.
Эскерте кетсек, электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор 2019 - жылдын 1 - июлунда ишке киргизилген.
2020-жылдын 1-апрелинен тартып КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдет колдонууга өтүшөт.
Кеңири маалыматты 1240 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.