Имараттардагы энергетика натыйжалуулугу мындан ары мыйзам аркылуу жөнгө салынып турат

17.01.2020, 09:30 Акчабар
Имараттардагы энергетика натыйжалуулугу мындан ары мыйзам аркылуу жөнгө салынып турат

Өкмөт «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

Мындан ары имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү имараттардын энергетикалык сертификаттарына мамлекеттик реестр жүргүзүлөт жана адистердин квалификациялык сертификациялоо тартиби орнотулат.

Сертификациялоонун максаты – имараттардын энергоресурстарды колдонуусуна мүнөздөмө берүү, энергияны үнөмдөөдөгү дараметин аныктоо жана имараттардын кожоюндарына энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды берүү.

 

 

 

Тэги: строительство недвижимость энергоэффективность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу