Энергетика министрлиги Түркиядагы жабыркагандарга жардам көрсөттү

13.02.2023, 09:52 Акчабар
Энергетика министрлиги Түркиядагы жабыркагандарга жардам көрсөттү

Кыргызстандын Энергетика министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, Энергетика министрлигинин борбордук аппараты жана баардык энергокомпаниялардын эмгек жамааты бир күндүк айлык маянасын жана эки боз үйдү жардам катары беришти.

“Энергетика министрлиги жан дүйнөсү жабыркап турган бир тууган түрк элине көңүл айтуу менен сабыр тилейт”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Расмий маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 33 миңден ашты. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу