Энергетика тармагынын карызы Финансы министрлигине өткөрүлөт

31.03.2022, 17:59 Акчабар
Энергетика тармагынын карызы Финансы министрлигине өткөрүлөт

Энергетика тармагынын карызы 136 млрд сомдон ашуун. Бул тууралуу бүгүн,31-мартта Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагындагы карызды Финансы министрлигине өткөрүү чечими президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынды.

“Президенттин тапшырмасы менен бул жылыбиз энергетиктерди карыздан арылтабыз. Энергетиктер эркин түрдө масштабдуу долбоорлорду ишке ашыра баштайт”,- деди Бекмурзаев

Ошондой эле министр быйыл энергетика тармагында масштабдуу реформалар пландалып жатканын белгилеп, Кыргызстанда энергетика тармагына тиешелүү бардык ишканалар бириктирилип, эки ири компанияга айланарын айтты.

“Өлкөдөгү энергетика тармагына тиешелүү бардык ишканаларды реформалоо менен 1 млрд сом үнөмдөөгө болот”,- деп кошумчалады ал. 

Ал мындан тышкары ушул жайда Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун курулушу башталарын жана анын алгачкы курулуш иштери үчүн 20 млн доллар каралганын билдирди

Тэги: Энергетика тармагы Доскул Бекмурзаев реформа.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу