ЕӨРБ: Быйыл Казакстандын ички дүң өнүмү 3% төмөндөйт

14.05.2020, 10:30 Акчабар
ЕӨРБ: Быйыл Казакстандын ички дүң өнүмү 3% төмөндөйт

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) божомолуна ылайык, быйыл Казакстандын экономикасы төмөндөйт.

Банктын 13-майда жарыяланган макроэкономикалык баяндамасында мындай божомол казак бийлигинин мунай өндүрүү көлөмүн кыскартуу планын, сырьенун арзандаганын жана айрым экономикалык тармактардын өнүгүшүн жайлата турган карантиндик чараларды эске алуу менен түзүлгөндүгү жазылган.

Божомолго ылайык, мунайга бай Казакстандын ички дүң өнүмү быйыл үч пайыз төмөндөйт. Мунайдын баасы жарым-жартылай калыбына келсе, 2021-жылы кайра 5,5 пайыздык көрсөткүчкө кайтып келет.

Тэги: ЕӨРБ Казакстан ички дүң өнүм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу