Эртең Бишкекте Борбор Азия IT бизнес форуму өтөт

23.03.2023, 13:10 Акчабар
Эртең Бишкекте Борбор Азия IT бизнес форуму өтөт

Эртең, 24-мартта Бишкектеги “Шератон” мейманканасында  Борбордук Азия IT бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу АКШнын элчилиги билдирди. 

Бул IT бизнес форумга дүйнө жүзүндөгү бир катар ири IT компаниялардын өкүлдөрү катышат. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрында Нью-Йоркто өткөн Борбор Азиялык Америка IT форумунун ийгилигине таянуу менен бул иш-чара аймактагы акыркы IT тенденцияларын көрсөтүп, бизнести өнүктүрүү жана өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн берет. 

"Кыргызстандан, Өзбекстандан, Казакстандан, АКШдан, Япониядан, Түштүк Кореядан, Германиядан жана башка өлкөлөрдөн келген бизнес-делегациялар өздөрүнүн акыркы технологияларын көрсөтүп, жасалма интеллект, блокчейн технологиялары, экспорттук потенциал жана IT билим берүү сыяктуу темалар боюнча панелдик талкууларга катышат", - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле инвесторлордун жабык жолугушуусу жана тандалган стартап долбоорлору болот. 

“Central Asian Tech Awards 2023” кечки аземи жети номинация боюнча Борбордук Азиянын алдыңкы IT компанияларын жана айрым лидерлерин сыйлайт. Иш-чара IT адистеринин жана иштеп чыгуучулардын азыркы жана келечектеги муундарын IT инновацияларын илгерилетүүгө жана Борбордук Азиянын IT потенциалын көрсөтүүгө шыктандыруу максатында уюштурулууда. Баш байгеге Силикон өрөөнүнө толук төлөнүүчү саякат кирет. 

Борбор Азиянын IT бизнес-форуму жана сыйлыктарды тапшыруу аземи АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Кыргыз программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулар ассоциациясы (KASPSU), High Tech Park, Freedom Pay, Astana Hub жана Kazakhstan IT Park тарабынан уюштурулууда. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу