ЕБ билим берүү жана санариптештирүү үчүн Кыргызстанга 19,4 млн евро бөлөт

23.12.2021, 14:44 Акчабар
ЕБ билим берүү жана санариптештирүү үчүн Кыргызстанга 19,4 млн евро бөлөт

Бүгүн, 23-декабрда Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын өкмөтүнө бюджеттик жардам катары 19,4 млн евро же дээрлик 1,9 млрд сом которду. Каражаттар билим берүү жана санариптештирүү секторуна багытталган эки грантка бөлүнөт.

Билим берүү тармагында 7,4 млн евро транш Кыргызстандын 2019-2021-жылдары билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын колдоо үчүн Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн 32 млн евронун эң акыркысы болуп саналат. Калган каражаттар 2019 жана 2020-жылдары которулган.

Бул стратегиянын алкагында билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы түзүлүп, билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп, мамлекеттик каржыны башкаруу жакшыртылды. Өкмөт акыркы транштан түшкөн каражатты билим берүүнүн сапатын мындан ары жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектептерди интернет менен камсыздоого жумшоону пландоодо.

Санариптештирүү чөйрөсүнө келсек, 12 млн евро өлчөмүндөгү грант 2020-2023-жылдары Кыргызстандын санариптик трансформациясынын жол картасын бюджеттик колдоо боюнча ЕБ программасынын компоненти болуп саналат. Бул программанын максаты - Жогорку Технопарктагы санариптик көндүмдөрдүн инновациялык борборунун ишин колдоо, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Санарип-Аймак/Цифровой Аймак системасын активдештирүү, өлкөнүн киберкоопсуздукту жана жеке маалыматтарды коргоону жаңыдан түзүлгөн жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу камсыз кылуу.

Ошондой эле, бул транштын каражаттары программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө, ошондой эле бүткүл өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат.

“Санариптик трансформация жана баарына жеткиликтүү билим берүү системасы Кыргызстандын өкмөтү менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Бул секторлорго жардам берүү Евробиримдиктин республиканын өнүгүүсүн колдоо боюнча милдеттенмесин чагылдырат”, - деди Евробиримдиктин элчиси Эдуард Ауэр.

Тэги: образование цифровизация ЕС Кыргызстан грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу