Евро Биримдик Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү үчүн 44 млн евро бөлдү. Бул үчүн Кыргызстан ЕБге көрсөтүлгөн жардам үчүн биримдик жана Кыргызстан ортосундагы кызматташуу боюнча комитеттин 17-жыйынында ыраазычылык билдирди, деп жазылат ЕБдин Фейсбуктагы баракчасында.
Өз кезегинде Евро Биримдик Кыргызстандагы туруктуу социалдык-экономиканын өсүүсү үчүн реформаны колдоого жана мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.
Кошумчалай кетсек, ЕБдин өкүлдөрү Кыргызстанга жакынкы күндөрү коронавирустун вакцинасы келерин билдиришти.