Эсеп палатасы мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишиндеги кемчиликтерди аныктады

03.05.2021, 12:56 Акчабар
Эсеп палатасы мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишиндеги кемчиликтерди аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Кеңеши 2017-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Мамлекеттик Ипотекалык Компания ачык акционердик коомунун ишине аудит жүргүздү. Бул тууралуу аталган палатанын сайтында маалымдалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Мамипотекалык компания" мамлекет тарабынан берилген насыяларды өз убагында төлөөгө үлгүрбөй калышы мүмкүн экени белгилүү болду.

“Республикалык бюджеттен“ МИК” тарабынан бөлүнгөн 3,3 миллиард сомдук каражаттарды төлөө мөөнөтү акча каражаттары которулган күндөн тартып 10 жылды түзөт. Ошол эле учурда компания бул каражаттарды ипотекалык насыя түрүндө 15 жылдык мөөнөткө берген”, - деп айтылат Эсеп палатасынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, палата статистикалык маалыматтарга ылайык, республиканын аймактарында жеке турак жай курулушуна ипотекалык насыялардын бирдей берилбей жаткандыгын белгилеп, аймактарда "МИК" ААКнын бул багытта жетиштүү иш алып барбагандыгын көрсөтөт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы 9 кабаттуу имараттын жана Нарын шаарынын Раззаков көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн курулуш иштеринин баасы көтөрүлүп көрсөтүлгөн:

  • Бишкек шаарындагы 9 кабаттуу имарат - 413 миң сомго, каражат “МИКтин” эсебине кайтарылды;
  • Нарындагы 5 кабаттуу имарат - 1,7 миллион сомго, каражат аудиттин жүрүшүндө аткарылган жумуштун көлөмүнөн чыгарылып салынган.

Тэги: ипотека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу