Бюджетке зыян келтирген Эсептөө палатасынын Оштогу өкүлү кармалды

08.12.2020, 11:15 Акчабар
Бюджетке зыян келтирген Эсептөө палатасынын Оштогу өкүлү кармалды

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан бюджетке 13 миллион сомго жакын зыян келтирген фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча А.К. аттуу инспектору кармалды.

Финполдон билдиришкендей, кечээ, 7-декабрда Ош шаардык соту тарабынан А.К.га карата Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Буга чейин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча "С.Т." ЖЧКсынын П.Т. аттуу жетекчиси кармалган.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган ЖЧК менен Ош шаарынын Кеңсай турак жай конушуна кирүү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча каражатын которгон. Бүгүнкү күнгө чейин объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү болжол менен 13 миллион сомду түздү.

Учурда аталган ЖЧКнын кызыкчылыгын коргогон адамдарды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Тэги: бюджет Эсептөө палата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу