2021-жылдын эки айында 60,7 миң тонна эт өндүрүлгөн

29.03.2021, 09:25 Акчабар
2021-жылдын эки айында 60,7 миң тонна эт өндүрүлгөн

2021-жылы 1-мартка карата республикада чарбакер субъекттер тарабынан 60,7 миң тонна эт өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 572 тоннага же 1%га көптүк кылат, деп билдирди айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

 

Маалыматка ылайык, республикада этти өндүрүүнүн көбөйүшү чочко жана бакма үй канаттууларынан тышкары айыл чарба жаныбарларынын санынын өсүшүнө байланыштуу.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы 1-январга карата ийри мүйүздүү бодо мал 35 миң башка көбөйүп, 1715,7 миң башты, кой жана эчки 11,9 миң башка көбөйүп, 6278,7 миңди, жылкы 17,0 миң башка көбөйүп, 539,6 миңди, үй канаттуулары 201,4 миң башка көбөйүп 6211,1 миң башты түзгөн, ал эми чочко 5,3 миң башка азайып, 29,4 миңди, бакма үй канаттуулар 140,7 миң башка азайып, 6070,4 миң башты түзгөн.

Белгилей кетүүчү жагдай, республиканын бардык облустары 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу этти көп өндүргөн.

Тэги: эт КР кымбат баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу