Евразия экономикалык комиссиясынын кезексиз жыйыны өттү

27.03.2020, 10:45 Акчабар
Евразия экономикалык комиссиясынын кезексиз жыйыны өттү

Беларусь Республикасынын вице-премьер-министри Игорь Петришенконун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин катышуусунда видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезексиз жыйыны өттү.

Кезексиз жыйын коронавирус инфекциясынын жайылуусуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин деңгээлинде көрүлүп жаткан чаралар жана биринчи кезектеги иш-аракеттер боюнча сунуштарды талкуулоо максатында өткөрүлдү.

SARS-CoV-2 коронавирустун жайылышына улам түзүлгөн шарттарда Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясы 2020-жылдын 24-мартында ЕАЭБ бажы аймагынан жеке коргонуучу каражаттарды, коргоочу жана дезинфекциялоочу каражаттарды, медициналык багыттагы продукцияларды ташып чыгууга тыюу салды.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар импорттун айрым өтө зарыл беренелерин, анын ичинде азык-түлүк жана медициналык буюмдарды жана дарыларды ташуу үчүн бажы алымдарынан 3 айлык мөөнөткө бошотууга макулдук беришти. Кыска мөөнөттө ташуу үчүн бажы алымдарынын коюму жоюлуучу

ЕАЭБдин макулдашылган товарлар тизмесин иштеп чыгуу сунушу колдоого ээ болду. Бул маселе боюнча чечим жакынкы күндөрү кабыл алынат. 

Мурдараак, 2020-жылдын 16-мартында ЕЭК Кеңешинин жыйынында медициналык багыттагы товарларды гана бажы алымсыз ташуу боюнча чечим макулдашылган. 

Ички рынокто медициналык беткаптардын жетишсиздигине байланыштуу кыргыз тарап медициналык жана атайын коргоочу кийимдерди, санитардык-гигиеналык максатта колдонулуучу ар кандай предметтерди тигүү үчүн жеңил өнөр жайда пайдаланыла турган фильтрден өткөзүп тазаланган жана гидрофобдук кездемени бажы төлөмүсүз ташуунун зарылдыгы тууралуу позициясын билдирди. Тараптар бул сунушту колдоо алышты.

Ички рыноктогу суроо-талаптын жогорулоо шартында ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн экспортуна киргизилген чектөөнү эске алуу менен Кеңештин мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөргө ташууга чектөө киргизүү үчүн интеграциялык биримдиктин бирдиктүү макулдашылган тизмесин иштеп чыгуу тууралуу маселени талкуулашты.

Тэги: Евразия экономикалык комиссия кезексиз жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу