Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болду

30.04.2020, 17:45 Акчабар
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болду

Видеоконференция режиминде Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Отурумдун катышуучулары 2019-жылдын 1-мартынан 2019-жылдын 31-октябрына чейин 18 айлык өлчөмдө бажы, салык төлөбөстөн убактылуу ташып келүүнүн (уруксат берүү) бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын айрым категорияларын убактылуу жайгаштыруунун жана пайдалануунун мөөнөтүн белгилөө жөнүндө чечим кабыл алышты.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ Бажы кодексинин 264-беренесинин 1-пункту менен белгиленген жеке пайдалануу үчүн унаа каражаттарын убактылуу ташуу мөөнөтүн токтотууну чечти. Бул чечим жеке пайдалануу үчүн интеграциялык биримдиктин аймагына ташылып келген унаа каражаттары боюнча маселени жөнгө салууга шарт түзөт.

Жыйындын жүрүшүндө ЕЭК Кеңеши Кыргызстанда жана Казакстанда өндүрүлгөн дезинфекциялоочу каражаттарды үчүнчү өлкөлөргө ташууга тыюу салынган товарлардын тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Мындан тышкары ички рыноктун сыйымдуулугун жана европа өлкөлөрүнөн келип түшкөн билдирмелерди эске алуу менен Беларусияда жана Кыргызстанда өндүрүлгөн медициналык эмес бет каптарды ЕЭАБ аймагынан ташууга салынган тыюуну алып салуу мүмкүндүгү жөнүндө кызыкдар болгон ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин консультацияларын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары талкууланган маселелердин бири Кубага ЕАЭБдин байкоочу-мамлекети макамын алууга өтүнмөсү болду. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕАЭК) мүчөлөрүнө маалымат берүү, Куба тарап менен мындан аркы иштөө үчүн Комиссиянын өкүлдөрүнөн жана ЕАЭБ ыйгарым укуктуу органдарынан турган делегацияны түзүү чечими кабыл алынды. ЖЕАЭК жыйыны үстүбүздөгү жылдын май айына белгиленген.

Тэги: видеоконференция Евразия ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу