Евразия өнүктүрүү банкы Кытайдан 230 млн $ алды

19.11.2020, 16:30 Акчабар
Евразия өнүктүрүү банкы Кытайдан 230 млн $ алды

Евразия өнүктүрүү банкы Кытай жана банктын карамагындагы мамлекеттер менен чек ара келишимдери үчүн 230 млн долларга жакын каражат бөлөт. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын сайтында маалымдалат.

Бул каражаттар Кытайдын Эксимбанкынан алынган.

«Бул ЕӨБ үчүн кытай рыногунан алган алкгачкы каржылоосу. «Эксимбанк» менен түзүлгөн келишим — орто жана узак мөөнөттүү насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча туруктуу иштин натыйжасы. Бул Евразия Өнүктүрүү Банкы үчүн  өнүгүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга жана биздин өлкөлөрдүн интеграциясы үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет », — деди Николай Подгузов, ЕӨБ Башкармалыгынын төрагасы.

Андан сырткары, ЕӨБ башка каржы булактары аркылуу дагы долбоорду каржылоо үчүн 110 млн доллар тарта алды.

Кошумчалай кетсек, «Эксимбанктан» алынган насыя линиясы 5 жылдык мөөнөткө берилген.

Тэги: Евразия өнүктүрүү банкы ЕӨБ келишим

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу