Евразиялык экономикалык форумду өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси өттү

11.03.2022, 10:34 Акчабар
Евразиялык экономикалык форумду өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө «Глобалдык өзгөрүүлөр мезгилиндеги Евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүндүктөрү: өндүрүштү топтоштуруу жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү» Евразиялык экономикалык форумунун Концепциясы жана архитектуралык долбоору каралды. Ошондой эле Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу жана аны өткөрүү үчүн жоопкер потенциалдуу операторду аныктоо боюнча Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин сунуштары каралды.

Кожошев белгилегендей, форумдун негизги максаты - экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин инвестициялык жана инновациялык потенциалын айкалыштыруудан синергетикалык натыйжага жетишүү, анын ичинде алардын экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана бул иш-чараны жогорку уюшкандыкта өткөрүү зарыл экендигин баса белгиледи.

«Эң негизгиси – бул форумдун жыйынтыгы. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөлөрү үчүн, өкмөттүк деңгээлде да ар түрдүү аянтчалар уюштурулат. Ишкер келишимдерди түзүү жана биздин республикага инвестиция тартууну иштеп чыгуу зарыл», - деп билдирди Кожошев.

Тэги: Евразиялык экономикалык форум ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу