Еврокомиссия Тажикстанга 112,2 млн евро бөлөт

23.07.2020, 09:35 Акчабар
Еврокомиссия Тажикстанга 112,2 млн евро бөлөт

 Еврокомиссия Тажикстанга коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн 112,2 миллион евро бөлөт.

«Коронавирус пандемиясы бизге жана биздин өнөктөштөрүбүзгө, жарандарга жана экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Европа биримдиги Тажикстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 112,2 миллион евро бөлөт. Тажикстан ушул каражатка медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртып, жаш тажикстандыктар каатчылык маалында сапаттуу билим ала алат», деп кабарлады ЕБнын эл аралык кызматташтык боюнча комиссары Ютта Урпилайнен.

7-апрелде Европа биримдиги пандемия учурунда өнөктөш өлкөлөрдү колдоо планын жарыялаган. Бул пландын алкагында уюм Тажикстанга 48 миллион евро бөлөрү, каражат коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүгө жумшалары кабарланган.

Тэги: Тажикстан коронавирус пандемия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу