Европа Биримдиги убада кылган 6 млн еврону Кыргызстанга эмнеге берген жок?

13.11.2020, 17:50 Акчабар
Европа Биримдиги убада кылган 6 млн еврону Кыргызстанга эмнеге берген жок?

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов Европа Биримдиги бере турган 6 млн евро кайсы долбоорлорго жумшалмак эле деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, ал каражат Европа биримдиги бюджетти колдоого бөлүнмөк. Ал каражат компетенция борборун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүгө, маалыматтык коопсуздук окуяларына реакция кылуу улуттук борборун (CERT) күчтөндүрүүгө жумшалмак.

«Ал бюджеттик колдоо катары бөлүнүп жаткан. Биз да ал каражаттын кармалып калышынына тынчсыздандык. Бирок ал долбоорлор келерки жылы уланат», - деди ал.

Белгилей кетсек, Европа Биримдиги Кыргызстанга санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жумшала турган 6 млн евронун бөлүнүшүн токтоткон.

Тэги: Европа биримдиги долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу