Европадан келген каттамдар АКШга убактылуу киргизилбейт

12.03.2020, 15:00 Акчабар
Европадан келген каттамдар АКШга убактылуу киргизилбейт

11-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп өлкө бир айга Европадан келген бардык каттамдарды кабыл алууну токтото турганын билдирди. Бул тыюу жума күнү кечинде күчүнө кирет.

Себеп – коронавирустун Европада тездик менен жайылып жатышы.

«Биз Европадан АКШга келген бардык каттамдарды, анын ичинде жүк ташуучу учактарды 30 күнгө токтотобуз. Жаңы эрежелер 13-мартта, жума күнү күчүнө кирет. Чектөөлөр абалга жараша өзгөрүшү мүмкүн», — деди Трамп.

Президент коронавирусту «чет өлкөлүк вирус» деп атап, анын жайылышын чектөө боюнча чечкиндүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн Европа өлкөлөрүн сынга алды.

Трамп экономиканы колдоо үчүн Конгресске америкалыктар үчүн салык жеңилдиктерин берүү тууралуу сунуш киргизерин билдирди. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өлкө боюнча бекер текшерүү жүргүзүүгө жана карантинден улам жумушка барбай калгандарга жөлөкпул берүүгө каражат бөлүү планын сунуштады.

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1200дөн ашып, 37 адам каза болду. Дүйнөдө бул илдетти жуктуруп алгандар 126 миңге жетти.

Тэги: АКШ Европа аба каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу