Facebook массалык иш-чараларды 2021-жылдын июнь айына чейин токтотту

17.04.2020, 12:30 Акчабар
Facebook массалык иш-чараларды 2021-жылдын июнь айына чейин токтотту

Facebook 50 кишиден ашуун катышкан бардык массалык иш-чараларды 2021-жылдын июнь айына чейин токтото турууну чечти. Бул тууралуу vc.ru  порталы компаниянын жетекчиси Марк Цукербергдин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты. 

Маалым болгондой, айрым иш-чараларды социалдык тармак онлайн-режимде өткөрө турган болду. 

Андан сырткары, Facebook кызматкерлерин май айынын аягына чейин үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Бирок, компаниянын кызматкерлери өз каалоолору менен үйдө 2020-жылдын сентябрь айына чейин иштеп тура алышат. 

«Фейсбуктун кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү - үйдөн иштей алышат. Биз коом алдыдагы жоопкерчиликти сезип, кызматкерлерге үйдөн иштөөгө бардык шарттарды түзүп бердик. Бул илдеттин жайылышын алдын-алууга бир катар жардам берерине ишенебиз», — деп айтты Марк Цукерберг. 

Тэги: Фейсбук жумуш Карантин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу