Facebook тарыхында быйыл эң аз киреше тапты

01.05.2020, 13:00 Акчабар
Facebook тарыхында быйыл эң аз киреше тапты

Facebook компаниясынын кирешеси 18% жогорулаган - бул компаниянын тарыхындагы эң төмөн өсүш болгон. Бул тууралуу vc.ru порталы билдирди. 

Маалым болгондой, 2020-жылдын биринчи кварталындагы компаниянын кирешеси - 17.74 млрд $ түзгөн. Бул көрсөткүч 2019-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 18% жогорулаган. Кошумчалай кетсек, 2019-жылы кирешенин көлөмү - 15.08 млрд $ түзгөн. 

Компаниянын таза кирешеси - 4.9 млрд $ түзгөн. Жарнамалардын сатылышы - 17% чейин же 17.44 млрд $ чейин жогорулаган. Компаниянын билдирген маалыматына ылайык, жарнамадан түшкөн кирешеси Covid-19 вирусуна байланыштуу төмөндөп кеткен. 

Биринчи кварталдагы чыгашанын көлөмү 1% жогорулап, 11.84 млрд $ түзгөн. Маалым болгондой, компания 2020-жылдагы кирешесин ар түрдүү иш-чараларды токтоткондугу үчүн 54-59 млрд доллардан 52-56 млрд долларга чейин кыскарткан. 

Тэги: Facebook киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу