Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматына караганда, республикалык бюджеттин ведомстволук квалификациясы боюнча 2020-жылдын февраль айындагы кассалык чыгымдары 10 млрд 212.8 млн сомду түзгөн.
Алардын ичинен бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин айлык маянасына 2 млрд 524.2 млн сом, калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча пособие иретинде – 765.9 млн сом, ал эми социалдык камсыздоо боюнча 4.6 млн сом төлөнгөн.
Андан сырткары, товарларды жана кызматтарды колдонууга 466.7 млн сом, товарларды жана кызматтарды сатып алууга – 21.8 млн сом, коммуналдык кызматтарды төлөөгө – 88.9 млн сом сарпталган.