Ушул жылдын январь-апрель айларында пенсияларды жана жөлөк пулдарды каржылоо 16 миллиард 577 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Соцфонддун сайтында маалымдалды.
Быйылкы жылы январь-апрель айларына карата пенсияларды жана жөлөк пулдарды каржылоого 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 890 миллион сом көбүрөөк сарпталды.
2021-жылдын апрель айына карата пенсияларды жана жөлөк пулдарды каржылоо 4 миллиард 146 миллион сомду түзгөн.