Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду сүт тармагына насыя бере баштады, деп билдирет мекеме.
Маалым болгондой, фонд Кыргызстандын сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында “Сүт секторун насыялоо долбоорун” иштеп чыккан.
”Кредит айылдык товар өндүрүүчүлөргө 500 миң сомго чейин, ал эми дыйкан чарбаларына 1 миллион сомго чейин берилет”, - деп белгилейт Каржы министрлиги.
Ошентип, кредит төмөнкү шарттарда берилет:
“Мындан тышкары, кепилдик менен 150 миң сомго чейин насыя берүү пландалууда”, - деп билдирет Финансы министрлиги.