Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну пландап жатат

06.01.2021, 13:30 Акчабар
Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну пландап жатат

Финансы министрлиги «Жалпы мамлекеттик депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарды чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө» өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга алып чыгууда.

 

 

Документке ылайык, бюджетти колдоо үчүн ыктыярдуу негизде юридикалык жана жеке адамдардан түшүүчү акчалай каражаттарды топтоштуруу жана максаттуу пайдалануу, экономикалык амнистия боюнча иш-чаралардын алкагында социалдык маанилүү чыгымдар боюнча төлөмдөрдү камсыздоо боюнча акчалай каражаттарды легалдаштыруу (мыйзамдаштыруу), ошондой эле бул каражаттарды чегерүүнүн, эсепке алуунун жана пайдалануунун ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында өзүнчө эсеп ачуу зарылдыгы бар.

Бул токтом Өкмөттүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү иш-чаралар планына ылайык, ошондой эле депутаттар тарабынан демилгеленген жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ылайык жана учурдагы социалдык маанилүү чыгымдар боюнча төлөмдөрдү камсыздоого, Өкмөткө көмөк көрсөтүүгө, калк тарабынан келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу кабыл алынган. 

Бул токтом долбоор менен менен жалпы мамлекеттик депозитик эсепке түшүүчү акчалай каражаттарды чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү сунушталат. Кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштери алкагында укук коргоо органдарынын депозиттик эсебиндеги каражаттар, ошондой эле ыктыярдуу негизде которулган башка акчалай каражаттардын түшүүлөрү, депозиттик эсепти ачуу максаттарына жана Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеген резидент жана резидент эместери тарабынан которулган акча каражаттары чегерилүүсү жана эсепке алынуусу сунушталат.

Тэги: Финансы министрлиги депозиттик эсеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу