Финансы министрлиги жана ЕБР Кыргызстанга 100 млн доллар берүү келишимине кол коюшту

13.08.2020, 11:07 Акчабар
Финансы министрлиги жана ЕБР Кыргызстанга 100 млн доллар берүү  келишимине кол коюшту

Финансы министрлиги жана EФСР каражаттарын тескеген Евразия Өнүктүрүү Банкы, бюджетке колдоо көрсөтүү максатында, Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул каражат төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- бюджеттик жана карыздык туруктуулук;

- салмактуу акча-кредит саясатын жүргүзүү;

- социалдык тармакты колдоо;

- экономикалык иш-аракеттерди калыбына келтирүү жана ишкерлердин ишин колдоо.

Каражаттар 20 жылга жылдык 1% менен 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет, ал эми биринчи жылы пайыздык чен жылдык 0,25% түзөт.

Тэги: кредит берүү Евразия өнүктүрүү банкы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу