Марипов: Финансы полициясы ИИМге кирбейт

03.02.2021, 12:25 Акчабар
Марипов: Финансы полициясы ИИМге кирбейт

Финансы полициясы ИИМге кирбейт. Бул тууралуу премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Улугбек Марипов ЖК бүгүнкү жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

 

«Финансы полициясынын келечегин сиз кандай көрөсүз?» – деп суроо берди депутат Улан Примов.

Бул суроого Марипов Финансы полициясы ИИМге кирбейт деп так кесе жооп берди.

«Эгерде биз Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз десек, анда биз таразанын бир жагына Кыргызстандагы бардык бизнесмендерди, экинчи жагына бир адамды коюп туруп таразалайлы анда. Бул жерде мамлекеттин тагдыры эң жогору турат деп ойлойм. Ар бир азыркы жетекчи өзүнүн ичиндеги напси же каалоолорун өзүнчө отуруп сүйлөшүш керек. Ошон үчүн бул орган так кесе жоюлуп кетет, ИИМге барат деп айта албайм. ИИМге барбайт деп так кесе айта алам. Өзүнчө орган катары каралышы мүмкүн. Бирок, текшерүү жаатында бир топ маселелер бар», - деп жооп берди Марипов.

 

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Финансы полициясы ИИМдин карамагына өткөрүлөт экен деген маалыматтар тараган. Учурда бул тармакты Сыймык Жапыкеев жетектейт.

 

 

 

Тэги: Марипов Финансы полициясы ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу