Каржы полициясынын кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды мыйзамсыз ташып жүргөн кылмыштуу топту кармады.
Текшерүү учурунда Кең-булуң айылында 3 чакырымга жеткен түтүк табышкан. Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ бул түтүк аркылуу күнүнө 100 тоннага чейин Казакстандан мыйзамсыз нефти өткөзүп турушкан.
Андан сырткары, мыйзамсыз иш-аракетке керектелген жабдыктарды сактоочу жай дагы табылган.
Учурда кылмыштуу топ тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын чыгымы эсептелинип, мамлекеттик органдарда иштеген кылмышка шектүу адамдардын мүчөлөрү дагы иликтенүүдө.