Финпол: Пара менен кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы коё берилди

13.03.2020, 17:00 Акчабар
Финпол: Пара менен кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы коё берилди

2 миң доллар пара менен кармалган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы коё берилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) басма сөз кызматы кабарлады.

Финполдон билдиришкендей, мыйзам боюнча судьянын кол тийбестиги бир. «Учурда кол тийбестик макамынан ажыратуу жагы каралууда», - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кечээ, 12-март күнү Финполдун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чарасынын натыйжасында 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектелип Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы «О.М.» колго түшкөн. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Тэги: Пара Биринчи май райондук сот судья

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу