Мыйзамсыз мунай ташыгандар кармалды

15.05.2019, 12:45 Акчабар
Мыйзамсыз мунай ташыгандар кармалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз мунай ташыган адамдардын тобун кармашты. Алар бензинди акцизи жок кирүүчү бензол деп «Бензанол-БИ92» Кыргызстанды аймагына киргизип келишкен.

Мамлекеттик финполиция  иш-чаранын негизинде мыйзамсыз  жүктү  «Чоң-Капка» өткөрмө пункутунда  кармап, цистернадагы мунай зат «Б.-М.» ЖЧК таандык экени аныкталган.

Мыйзамсыз мунай затты ташуу кандай жүргөнү аныкталган. 30 тонналык жүк ташуучу машина  «Бензанол-БИ92»  Талас шаарынан Бишкекке ташылып келинген. Алынып келинген жүк – «Камаз» жүк машинасына куюлган. Андан кийин  мунай заты Сокулуктун Биринчи май айылындагы май куючу  жайына куюлган. 

 «Б.-М.» ЖЧК  эч кандай салык төлөбөй, биомунайды (бензанол – буудай менен спирттен алынган зат КР салык мыйзамына ылайык аксиздик салык салынбайт). Ал эми бул май куючу жайда бензин катары элге алдоо жолу менен сатыкка коюлган. 

Учурда тергөө  иштери уланууда. кылмышка тиешелүү  адамдардын өздүгү  аныкталып, ошондой эле  «Б.-М.» ЖЧК  мамлекетке келтирген зыяны эсептелинүүдө.

Тэги: Финпол ГСМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу