Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоп-түзөө үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Дүйнөлүк банктын пандемия маалында ыкчам жардам көрсөтүү долбоору боюнча оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тогуз оорукана тандалып алынган.
Жалпысынан 78 млн 700 миң сом каражат жумшалат.
Кошумчалай кетсек, азыркы учурда төмөнкү 9 оорукананы оңдоп-түзөө үчүн жарыяланган тендер соңуна чыкты.