Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаты каякка жумшалган?

27.04.2020, 17:30 Акчабар
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаты каякка жумшалган?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 2020-жылга карата 16 млрд сом деп бекитилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 231 мамлекеттик медициналык мекемени келишим түрдө каржылайт: 100 бейтапкана, 29 жалпы дарыгерлик практика борбору, 49 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 34 стоматологиялык поликлиника жана Бишкек менен Ош шаарындагы 2 тез жардам станциясы.

Маалымат жыйында ал 2020-жылдын алгачкы 3 айына карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берди.

 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 2020-жылга карата 16 млрд сом деп бекитилген. Анын ичинен 11 млрд 116,3 млн сом – республикалык бюджеттин каражаттары. 2 млрд 569,7 млн сом – Социалдык фондунан берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү. 27-апрелге карата республикалык бюджеттен 2 млрд 870,5 млн сом келип түштү – план боюнча 3 млрд 705,5 млн сом болгон. Анын аткарылышы 84,6%ы түздү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары боюнча Социалдык фонддун бюджетинен 673,5 млн сом келип түштү – болжолдонгон сумма 856,6 млн сом болгон. Жыл башынан бери план боюнча 4 млрд 562 млн сом белгиленсе фонддун бюджетине 3 млрд 544 млн келип түштү. Каржыланбаган сумма 1 млрд 18,1 млн сомду түздү», - деди ал.

 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна келген каражаттардын 2 млрд 939,5 млн сому саламаттык сактоо уюмдарын каржылоого жумшалды – 4 млрд 403 сом талап кылынган. Саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдары: айлык маянага жана Социалдык фондго чегерүүлөр 2 млрд 18 млн сом кеткен (85%). Дары-дармектерди сатып алууга 522,9 млн сом сарпталган (9,2%). Азык-түлүктөрдү сатып алууга 90,3 млн сом, коммуналдык кызматтарды төлөөгө 221,2 млн сом, транспорттук чыгымдар 28,8 сом, күзөт жана башка кызматтар 18,7 млн сом», - деди ал.

Ал белгилегендей, апрель айында Каржы министрлигинен 690 млн сом келери күтүлүүдө.

 «Бул каражат медицина кызматкерлеринин кепилденген эмгек акысы, анын ичинде эмгек өргүүсү жана эмгекке катышуу коэффициенти боюнча чыгымдарга жумшалат», - деди ал.

Тэги: фонд бюджет 2020-жыл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу