Орусиялык футболчулардын формасы Кыргызстанда тигилет

13.06.2022, 12:07 Акчабар
Орусиялык футболчулардын формасы Кыргызстанда тигилет

Бүгүн Zenit Premier Football менен кыргызстандагы Bigser Sport спорттук дүкөнү профессионалдык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюшат. Бул тууралуу КОӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков россиялык компаниялардын Кыргызстандагы диверсификацияланган бизнес миссиясынын ачылыш аземинде билдирди.

Ал мындан ары орусиялык спортчулардын формасы Кыргызстанда тигиле турганын баса белгиледи.

“Биз өлкөбүздүн экспорттук потенциалы коңшуларынан, атүгүл Европа өлкөлөрүнөн да артта калбаганына ишенебиз, ошондуктан россиялык компаниялар мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн бүгүн ишенимдүү өнөктөштөрдү таба алышат”, - деди Артем Новиков.

Белгилеп кетсек, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган орусиялык компаниялардын миссиясынын ишине Россия Федерациясынан 100дөн ашык киши катышууда.

Тэги: Зенит Премьер Футбол Кыргызстан Bigser Sport

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу