Францияда пенсия курагын жогорулатууга каршы акциялар уланууда

09.03.2023, 13:47 Акчабар
Францияда пенсия курагын жогорулатууга каршы акциялар уланууда

Францияда пенсия курагын 62 жаштан 64кө көтөрүү боюнча мыйзам долбооруна каршы жүз миңдеген адам иш таштады. Бул тууралуу BBC World Service жазды. 

Иш таштагандардын арасында катардагы мугалимдер, өнөр жай, темир жол, газ жана электр тармагынын кызматкерлери бар. Мындан улам өлкөнүн транспорт, коммуналдык чарба жана энергетика өндүрүшү катуу жабыркады.

"Ошондой эле, энергияны өндүрүү кыскарып, жумушчулар өнөр жай аймактарына баруучу жолдорду унаалары менен тосуп алышкан. Париждин эки аэропортунда айрым каттамдар токтотулган. Францияда иш таштоо быйыл жыл башынан бери алтынчы ирет кайталанууда", - деп айтылат маалыматта. 

Профсоюздар бул жолу эң чоң иш таштоо болгонун айтышууда. Ал эми өкмөт “пенсиялык реформаны” өзгөртүү ниетинен кайта элек. 

Франциядагы “Elabe” пикир изилдөө фирмасынын сурамжылоосуна ылайык, элдин 56%ы бул нааразычылык акциясын колдойт. 

Эске салсак, 2022-жылдын жайында Кыргызстан пенсиялык системаны реформалоо чечимин кабыл алган. Анда Соцфонд биринчи жолу пенсия курагын көтөрүү, пенсияга эрте чыгууга тыюу салуу жана минималдуу эмгек стажын белгилөөнү сунуштаган. Бирок, бул сунуш коомдо бир топ нааразы пикирлерди жараткан.  Андан көп өтпөй Соцфонд жарандардын айрым категориялары үчүн пенсия курагын көтөрүүнү кайра сунуштаган. Ага ылайык:

  • Муниципалдык же мамлекеттик кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу мөөнөтүн 58 жаштан 60 жашка чейин көбөйтүү;
  • бийик тоолуу аймактарда иштеген жана жашаган жарандар: эркектер 55 жаштан 58 жашка чейин, аялдар 50 жаштан 53 жашка чейин;
  • үч же андан көп балалуу жана бийик тоолуу аймактарда жашаган аялдарга  45 жаштан 48 жашка чейин пенсия курагын жогорулатуу сунушталган. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2023-жылдан баштап пенсия курагын акырындык менен бир жылга көтөрүү сунушталууда. Мындан тышкары, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштеген пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөнү токтотуу сунушталууда. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу