"Фрунзе" гипермаркеттер тармагы Орозо айына байланыштуу алкоголдук ичимдиктерди сатууну убактылуу токтотту. Бул маалыматты "Акчабарга" компаниянын өкүлдөрү тастыкташты.
[жаңылыктар 34069]
Мындай акцияны өткөрүү менен "Фрунзе" гипермаркеттер тармагы орозо кармагандарды гана колдобостон, мас абалында жасалган кылмыштардын санын азайтууга аз да болсо салым кошууну көздөйт.
Спирт ичимдиктерин сатуу 13-апрелден 15-майга чейин токтотулган.
Спирт ичимдиктери катардагы сатып алуучулар үчүн, ишкерлер үчүн да сатылбайт.