«Газпром Кыргызстан» газдын баасын кайра арзандатат

14.04.2020, 14:30 Акчабар
«Газпром Кыргызстан» газдын баасын кайра арзандатат

«Газпром Кыргызстан» ЖЧК калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн газга болгон мурдагы тарифти кайтарат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мындай макулдашууга  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилген.

Белгилесек, компания тарабынан калк үчүн бир метр куб газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин жогорулатылгандыгы кабарланган. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир метр куб газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго жогорулатылган.

Баалардын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.

Болот Абилдаевдин айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча абалды эске алуу менен компания өз чечимин кайрадан карап чыгып, калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн газга болгон мурдагы тарифти ордуна кайтарат.

Өкмөт башчы «Газпром Кыргызстан» компаниясына социалдык жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тэги: Газпром

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу