Германияда алтынчы жыл катары менен айлык акынын көлөмү жогорулады

13.02.2020, 14:20 Акчабар
Германияда алтынчы жыл катары менен айлык акынын көлөмү жогорулады

Германиянын жашоочуларынын эмгек акысы 2019 - жылы 2,6 пайызга жогорулаган. Ал эми керектөөчү баалардын көлөмү болгону 1,4 пайызга гана кымбаттаган. 

2019 - жылы Германиянын реалдуу кирешесинин көлөмү алты жыл катары менен жогорулаган. Бул учурда айлык акынын көрсөткүчү 2.6 пайызга, керектөөчү баалар 1,4 пайызга кымбаттаган. Айлык акынын реалдуу жогорулашы  бир жыл ичинде 1.2 % түзгөн. Бул тууралуу 12-февралда Германиянын Федералдык статистикалык водемствосу билдирди. 

2018 - жылы бул көрсөткүч 1,3 пайызды түзгөн. 

«Муну менен катар, 2019-жылы эмгек акынын, керектөөчү баалардан дагы жогорулоо тенденциясы алтынчы ирет уланды», — деп жазылат маалыматта. 

2010-жылдан тарта баалардын реалдуу өсүшү жыл сайын орточо эсеп менен 1,2 пайызды түзүп келген. Бул тенденция жана калктын жумуш орду менен тынымсыз рекорддук көрсөткүчтө камсыз болуусу, өлкөнүн экономикасына жакшы натыйжасын берген. 

Тэги: Германия алтынчы жыл эмгек акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу