Германия менен Кыргызстан экономикалык кызматташууну талкуулашты

28.10.2020, 09:00 Акчабар
Германия менен Кыргызстан экономикалык кызматташууну талкуулашты

2020-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушту. Бул тууралуу  ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев өлкөдөгү ички саясий кырдаалдар жана алдыда боло турган маанилүү саясий окуялар, ошондой эле социалдык-экономикалык милдеттерди, коронавирус менен күрөшүүнү жана башка актуалдуу милдеттерди чечүүгө багытталган өлкө жетекчилигинин учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Германиянын элчисин маалымдады.

«Германиянын Өкмөтү Кыргызстанга көп жылдан бери жардам көрсөтүп келе жаткандыгына, айрыкча COVID-19га каршы күрөшүүдө колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди жана германия тарап кыргыз Өкмөтүнө андан ары да колдоо көрсөтөрүнө ишеничин билдирди», - деп айтылат маалыматта.

 

Элчи Иверсен «Туруктуу экономикалык өнүгүү» жана «Саламаттык сактоо» сыяктуу багыттар боюнча Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) жана Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) линиясы боюнча Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы айтылды. 

Министр Казакбаев тарабынан өз ара кызыкчылыктарды жараткан ар түрдүү чөйрөлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташууларды жигердештирүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле тараптар Борбордук Азия боюнча Европа Биримдигинин жаңы Стратегиясынын алкагында мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тэги: Германия Бишкек шаары тышкы иштер министри Руслан Казакбаев элчи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу