Германия 3 жыл бою Кыргызстандын жашыл экономикасына колдоо көрсөтөт

01.10.2020, 10:30 Акчабар
Германия 3 жыл бою Кыргызстандын жашыл экономикасына колдоо көрсөтөт

Германия жакынкы үч жыл аралыгында Кыргызстандын Экономика министрлигинин жашыл экономикага киргизе турчу идеяларына колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

 

 

Долбоордун максаты - үч тармакта туруктуу өнүгүүнү ишке ашыруу: Жер-жемиштерди өстүрүү, мал-чарбачылык жана туризмди өнүктүрүү.

 

Долбоор үч багытты камтыйт:

Өкмөттүк - жашыл экономика саясатын илгерилетүү;

Ишкердүүлүк- туруктуу жана экологиялык таза ишканаларды өнүктүрүү;

Коомдук - жарандар арасында жашыл экономика тууралуу түшүнүктү жогорулатуу.

Жашыл экономика акыркы он жылдан бери эң көп талкууланып келе жаткан экономикалык түшүнүктөрдүн бири. Бул тармактын ресурстары колдонулуп, бирок түгөнбөйт. Өндүрүштөн кийин калдыктар аз чыгат жана аны кайра иштетүүгө мүмкүн. Жаратылышты бузбай, экономикага чоң салым кошсо болот. Кыргызстан жашыл экономиканын шарттарын ишке ашыруу үчүн чоң потенциалга ээ.

Тэги: долбоор жашыл экономика Кыргызстан Экономика министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу