2019-жылдын 29-октябрындагы жыйынтык менен ААК «Кепилдик фонду» 1 млрд 393 млн сомго 1.131 миң кепилдик берген. Кепилдик фонду астындагы банк-өнөктөштөр тарабынан берилген насыянын суммасы 4.8 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу фондтун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 475 кепилдик, 638.7 млн. сомго берилген. Банк-өнөктөштөр тарабынан берилген насыянын көлөмү 2 млрд сомду түзгөн.
Фонд 12 кепилдикти 38 млн сомго ишке ашырган.
2019-жылдын 30-сентябрындагы жыйынтык менен банк-өнөктөштөргө берилген үлүш, ишмердүүлүгүнөн тарта ИДПга 1.17% түзгөн. Муну менен катар насыядагы орточо салмактагы алынган чек 11.72% түзөт.