УКМК: Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды

05.02.2021, 09:25 Акчабар
УКМК: Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды

Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады. 

 

 

 

Маалыматка ылайык, аталган комитеттин Коррупцияга каршы кызматы бийликтин эң жогорку эшелонундагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, ЖК депутаты К. Жумалиевдин жана Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин катышуусу менен, Эл аралык медициналык университетине билим берүү ишмердүүлүгүнө карата лицензия берүүдөгү туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

​Такталгандай, Жумалиев, Жогорку Кеңештин депутаты жана ошол эле учурда Эл аралык медициналык университетинин чыныгы ээси экендиги, билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббилдөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнчалицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталды.

​Ошол эле учурда, лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетине лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок? министрликтин жетекчилигине К.Жумалиевдин таасири алдында, комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, Эл аралык медициналык университетине лицензия берилген.

​Мындан тышкары, К.Жумалиевге байланыштуу адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу мыйзамсыз баюу фактылары, ошондой эле аффилирленген жактар жана ишкердик субъекттери аныкталды.

​Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери жана ар кандай компаниялар, алардын катарында К.Жумалиевге мурда менчиктештирүү жолу менен жеке менчикке алынган анын туугандарына жана аффилирленген адамдарга таандык «Таатан», «ГОИН» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, Темир жана болот завод, телерадиокомпания аныкталды.

​2021-жылдын 4-февралында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.Жумалиевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен каралган кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата тергөө аяктаганга чейин КР УКМК тергөө камак жайына камоо түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Тэги: ГКНБ Кубанычбек Жумалиев Депутат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу