Жергиликтүү бийликтегилерге тоо-кен казуу боюнча калк менен туура сүйлөшүү тренинги өткөрүлөт

15.10.2019, 12:50 Акчабар
Жергиликтүү бийликтегилерге тоо-кен казуу боюнча калк менен туура сүйлөшүү  тренинги өткөрүлөт

КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги биргеликте жергиликтүү бийлик органдарына жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү чыр-чатактар боюнча тренинг өткөрөт. Долбоор жергиликтүү International Alert тарабынан ишке ашырылат.

Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет. 

«Буга чейин тоо-кен казып алуу тармагынын өнүгүшүнө жергиликтүү тургундар тарабынан чыккан каршылык – күндүн орчундуу маселесинин бири болуп саналат. Бул долбоорду өнүктүрүүдө маалыматтын кенен жетишпегендиги байкалат. Ошол эле учурда экологиялык тобокелдиктерди азайтуу жана тоо-кендин айланасындагы жашооочулар үчүн пайданы максималдаштыруу керек», — деп билдирет ӨЭЖМКнын башкы адиси Нургүл Базаркулова. 

Жер казынасын пайдалануу тармагындагы кичи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн International Alert катышуучуларга грант бөлүп берүүгө даяр. Жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгы жана жолугушуудагы таалкууланган маселелердин жыйынтыгы үчүн эки айлык план иштелип чыгат жана ар бир жамаат коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн  грант алышат. 

 

Тэги: ГКПЭН ГАООСЛХ ГАМСУМО

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу