Үстүбүздөгү жылдын 14-майында жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион болот. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Чыгарылган сумма 100 миллион сомду түзөт.
Эскерте кетсек, Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор 7, 14 жана 28 күндүк жүгүртүү мөөнөтү менен бүгүн өткөрүлөт.