Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы айтылды

26.08.2022, 12:59 Акчабар
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы айтылды

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнчаМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирүү жасады.

“Евразия экономикалык комиссиясынын алгылыктуу ишин белгилегим келет. Жолугушуунун жүрүшүндө биз Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү боюнча келишимдин долбоорун карап чыктык жана талкууладык”, - деди өкмөт башчы.

Маалым болгондой, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү төмөнкү маалыматтарды укту:

  • Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө;
  • Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу боюнча макулдашуунун долбоорунун үстүндө иштөө жөнүндө;
  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси жөнүндө.

Өкмөт башчылары тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту.

“Бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы Евразиялык интеграциянын бардык катышуучуларына пайда алып келет жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет деп ишенем”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Тэги: евразийский межправсовет экономика Акылбек Жапаров итоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу